Сенат Сот тутумун реформалоо боюнча мыйзамды кабыл алды

Сенат Сот тутумун реформалоо боюнча мыйзамды кабыл алды

Сенаттын депутаттары сот системасын реформалоо жана процессуалдык мыйзамдарды жакшыртуу боюнча мыйзамды кабыл алды. Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик-процесстик кодекстерге жана башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Административдик иштер боюнча соттук актылар апелляциялык даттануудан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Ал эми Жогорку сотто иштерди кайра кароо өзгөчө учурларда – Жогорку соттун судьясынын сунушу же Башкы прокурордун нааразычылыгы боюнча жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, кассациялык сотто кылмыш жана жарандык иштерди кайра кароонун жаңы мөөнөттөрү белгиленди. Алар эң көп дегенде 6 ай болот. Кассациялык инстанцияга кайрылуунун эрежелери да жөнөкөйлөштүрүлгөн. Сенаторлор белгилегендей, бардык түзөтүүлөр казакстандыктардын соттук коргоого болгон укуктарын ишке ашыруунун кепилдиктерин ачык жана ошондой эле калыс сот адилеттигине жетүүнү күчөтүүгө багытталган.

Нурлан Бекназаров, Конституциялык сот, сот тутуму жана укук коргоо органдары боюнча комитетинин төрагасы:

- Өз алдынча кассациялык сотторду түзүү, сот өндүрүшүнүн бардык түрлөрү боюнча кассациялык сотторго жиберүү жана сот актыларын кайра кароонун бирдиктүү эрежелерин киргизүү. Кассациялык инстанцияга кайрылуунун эрежелерин жөнөкөйлөтүү максатында Жазык жана жарандык иштер боюнча жарандар тарабынан берилген соттук актыларды кайра кароо жөнүндө өтүнүч кассациялык даттануу болуп өзгөртүлдү.

Нурсерик Шарипов, Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы:

- Ушул Мыйзам долбоору менен депутаттар аны кабыл алып, биринчи кезекте, кассациялык соттордун өз алдынчалуулугун, туташ кассацияга жол берүүнүн механизмин өркүндөтүштү. Эрежелер бирдиктүү, башкача айтканда, бардыгы бирдей болот. Кылмыш, жарандык, административдик иш бирдей процесстик тартипте жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков