Мамлекеттик кеңешчи Парламент мажилиси фракцияларынын жетекчилери менен жолугушту

Мамлекеттик кеңешчи Парламент мажилиси фракцияларынын жетекчилери менен жолугушту

Мамлекеттик кеңешчи Казакстан Парламентинин Мажилисинде алты саясий партиянын фракция лидерлери менен жолугушту. Ерлан Карин улуттук курултайдын алкагында Мамлекет башчысынын демилгелерин ишке ашырууга активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Атыраудагы жыйындын сунуштарын ишке ашыруу үчүн 9 мыйзам кабыл алынды. Алардын арасында аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, ардактуу наамдарды киргизүү жана башкалар. Мамлекеттик кеңешчи бул мыйзамдар ички саясат менен байланышкан иштин натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойноорун белгиледи. Ошондой эле катышуучулар президенттин «Ana tili» гезитине берген интервьюсунда аныктаган быйылкы ички саясат жаатындагы иштердин багыттары тууралуу пикир алмашышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков