Казакстан менен Кыргызстан «Алматы – Ысык-Көл» автожолун курууга кызыкдар. Бишкекте казак-кыргыз өкмөттөр аралык кеңештин 12 - жыйынында жаңы багыттын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Эки өлкөнү байланыштырган 280 чакырымдык жол долбоору Азия өнүктүрүү банкынын гранттарынын эсебинен ишке ашырылат. Ошондой эле, жыйында биргелешкен жети өткөрүү пунктун модернизациялоону караган жол картасын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Казакстан тарап бул ишти заманбап көзөмөл жана текшерүү системаларын киргизүү жолу менен жүргүзүүгө ниеттенүүдө. «Карасуу» жана «Ак-течелек» автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу долбоору да көңүл сыртында калган жок. Өлкөнүн аймагында жүк агымдарын бириктирүү жана кайра иштетүү зонасында ири борбор куруу үчүн «Алатау» аймактык индустриалдык зонасы түзүлдү. Бул демилгелердин максаты-өз ара соода алаканы жогорулатуу.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык өнөктөштүк туруктуу өнүгүп келүүдө. Өткөн жылы эки тараптуу соода көлөмү 26%га өсүп, 1,6 миллиард долларды түздү. Ушул жылдын 9 айында товар жүгүртүү 1,2 миллиард доллардан ашты. Белгилүү болгондой, мамлекет башчылары 2030-жылга чейин соода көлөмүн 3 млрд долларга көбөйтүү тапшырмасын беришкен.
Ошондой эле, суу-энергетикалык кызматташтыктын дараметин бекемдөө боюнча пландар каралды. Быйылкы сугат сезону биргелешкен иш-чаралардын аркасында ийгиликтүү өттү жана бул багытта системалуу иштер улантылат.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Биз тараптан Киров суу сактагычынын толтуруу деңгээли былтыркыдан үч эсе көп. Биз бул жөнүндө сүйлөштүк. Жаз мезгилинде Жамбыл облусунун Байзак, Жамбыл райондорунда, Тараз шаарында көп учурда суу каптоо көйгөйү болбошу үчүн, кыргыз тарап суу белгиленген графикке ылайык берилишине кепилдик берип жатат.
Кеңешменин жыйынтыгында тараптар айыл чарба өнүмдөрүн өз ара жеткирүүнү
көбөйтүү боюнча Жол картасын жана туризмди өнүктүрүү жаатында кызматташуу
жөнүндө меморандум түзүштү. Ошондой эле Казакстандын Ысык-Көл облусунун
аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объектилерине менчик укугун
жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

