Казакстанда
социалдык жана эмгек чөйрөлөрүнүн масштабдуу санариптик экосистемасы өнүгүүдө.
Бул жерде жарандар үчүн жумуш жана билим берүү курстарын автоматташтырылган
түрдө тандоо үчүн жасалма интеллектти киргизүү пландаштырылууда. Мисалы, «Мансап
компасы» платформасы жаштарга кесип тандоого жардам бере алат. Skills Enbek онлайн-сервиси
кайра даярдоо жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүнү сунуштайт. Ал эми
үй-бүлөлөрдүн жана ишканалардын санариптик карталары кадрларга болгон
муктаждыктарды жана иш менен камсыз кылуу шарттарын так талдоого мүмкүндүк
берет. Эмгек рыногунун трансформациясы жана ага инновациялык чечимдерди
киргизүү Өкмөттүн жыйынында талкууланды. Премьер-министрдин айтымында,
инвесторлордун жоопкерчилигине жана жумуш орундарынын сапатына өзгөчө көңүл
буруу зарыл. Ошондой эле Олжас Бектенов маалыматтарды мамлекеттик
инфраструктурага интеграциялоону жана натыйжалуулукту баалоо үчүн KPI киргизүүнү тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Бүгүнкү күндө өлкөдө ири логистикалык жана энергетикалык долбоорлор ишке киргизилип жатат. Ар кандай тармактарда санариптик чечимдер активдүү киргизилип жатат. Жалпысынан алганда, бул комплекстүү чаралар жаңы сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Жумуш орундарын түзүүнүн сапатын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн Инновациялык долбоорлор навигатору иштелип чыккан. Бул маалыматтык система жаңы жумуш орундарынын санын, алардын эмгек рыногунун муктаждыктарына шайкештигин, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жумушка орноштуруу пландарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Санариптик
чечимдерге басым жасоо менен өлкөнүн отун-энергетикалык комплексинде да жаңы
жумуш орундары активдүү түзүлүүдө. 2029-жылга чейин тармакта 200дөн ашык
инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Кадрларды даярдоо үчүн
Энергетика министрлиги энергетика жана мунай-газ сектору боюнча кесиптик
квалификациялар боюнча тармактык кеңештерди түзүүнү демилгеледи. Алар
санариптик көндүмдөрдү эске алуу менен кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана
актуалдаштыруу үчүн жооптуу.
Арысбек Кудайберген, Энергетика вице-министри:
- 2025-жылга пландаштырылган: мунай-газ тармагында 17 кесиптик стандартты актуалдаштыруу, энергетика тармагында 27 кесиптик стандартты актуалдаштыруу жана 4 кесиптик стандартты иштеп чыгуу. Бүгүнкү күндө мунай-газ тармагында бардык 17 кесиптик стандарт «Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборунда» оң корутунду алуу үчүн модерацияда турат. Энергетика тармагында 23 кесиптик стандарт боюнча оң корутунду алынды, 8 кесиптик стандарт «Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борбору» ААКсында экспертизада турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

