Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Сахаранын түштүгүндөгү Африка жана Ирактагы банк иштерин кеңейтүүнү, ошондой эле насыялык ишмердүүлүгүн натыйжалуу кылууну көздөйт. Өлкө каржы институтунун акционери катары аталган демилгелерди колдойт. Сенат тиешелүү документтерди бекитти. Жалпысынан эски континент банкынын курамына 72 өлкө жана эки эл аралык уюм кирет. Казакстан ага 1992-жылдан бери мүчө. Ошондуктан, бул мыйзамдар миллиарддаган калкы бар Африка жана Жер Ортолук деңиз мамлекеттери менен жана өлкө үчүн экономикалык байланыштарды чыңдоого жардам берет. Башкача айтканда, алардагы масштабдуу долбоорлорго инвестиция салуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
- Бекитилген мыйзамдарда Европа реконструкциялоо жана
өнүктүрүү банкынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу каралган. Киргизилген
түзөтүүлөр Казакстан менен беделдүү каржы институту ортосундагы кызматташтыкты
бекемдөөгө, ошондой эле өлкөбүздүн экономика тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн
кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка өлкөлөрдүн
аймагында мамлекеттик сатып алууларга катышуу жөнөкөйлөтүлөт. Сенат аны ишке
ашырууда укуктук негизди түзгөн мыйзамды бекитти. Документ эми биримдик республикаларынын
аталган багыттагы банк кепилдиктерин өз ара таанууну камсыз кылат. Бул аталган бирикмедеги өлкөлөрдүн мамлекеттик
сатып алууларына катышуу үчүн бизнеске бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп,
тараптардын ортосундагы экономикалык жигердүүлүктүн өсүшүнө түрткү берет, -
дешет сенаторлор.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

