Казакстан президенти Германия компанияларынын башчылары менен жолугушту

Казакстан президенти Германия компанияларынын башчылары менен жолугушту

Казакстан чет элдик инвесторлорду колдойт жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев немис ишкерлери менен жолугушууда билдирди. Муну менен катар учурда саламаттыкты сактоо жана фармацевтика тармагындагы кызматташуу маселелери да көңүл сыртында калган жок. Мамлекет башчы сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү жана кайра иштетүү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин айтты.

Казакстан президенти Berlin Global Dialogue форумунда сөз сүйлөдү

Мындан тышкары, Президент Казакстан менен Германиянын бизнес топторунун тегерек үстөлүнө катышып, биринчи эл аралык Berlin Global Dialogue форумунда сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы Казакстандын дүйнөлүк экономикалык процесстердеги ролу тууралуу пикирин билдирди. Президент форумдун катышуучуларынын көңүлүн Казакстан менен экономикалык өнөктөштүктү орнотууга жол ачкан келечекке бурду. Атап айтканда, бул Транскаспий эл аралык транспорттук багыты. Казакстандын президенти белгилегендей, Орто коридор аймактагы соода жана инвестиция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Касым-Жомарт Токаев сөзүнүн көпчүлүк бөлүгүн өлкөнүн эл аралыык экономикалык мамилелерди турукташтыруудагы ролуна арнады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Казакстан Евразияда мунайдын корлору боюнча экинчи орунда турган дүйнөлүк рынокко энергетикалык ресурстарды жеткирүүчү негизги өлкө. Биздин мунай экспортунун 70 пайызы Европа Биримдигине жеткирилерин эске алганда, экспорттук дараметибизди кеңейтип, дүйнөлүк энергетикалык каатчылыкты жеңилдетүүгө салым кошууга даярбыз.

Казакстандын Президенти форумдун катышуучуларына улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн келечектери тууралуу маалымат берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Өткөн жылы Казакстандын экспорту дээрлик 40 пайызга өскөн. ИДӨдүн олуттуу бөлүгү дагы деле энергетика тармагына тиешелүү болсо да, биз экономиканы ар тараптандырууга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Фармацевтика, металл иштетүү жана унаа жасоо тармактарында өсүштү камсыз кылуу менен Казакстан бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу ири көлөмдөгү чет элдик инвестицияларды тартууну улантып жатат.

Бүгүнкү күндө Германия Казакстандын экономикасындагы алдыңкы инвесторлордун жана ири соода өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Германиянын Борбор Азия чөлкөмү менен соодасынын болжол менен 83%ы Казакстанга тиешелүү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүү 25%га өсүп, 2,8 миллиард долларды түздү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков