2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Алматынын кыска мөөнөттүү экономикалык көрсөткүчү 11%га өсүп, негизги капиталга инвестициялар дээрлик чейрекке көбөйдү. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечеги тууралуу Казакстандын президентине аким Дархан Сатыбалды баяндады. Ошондой эле, ал Касым-Жомарт Токаевге шаардын көп борборлуу өнүгүүсү, транспорттык каркас түзүү жана мегаполис тургундары үчүн ыңгайлуу шарттар тууралуу айтып берди. Мамлекет башчысы Башкы планга киргизилген социалдык инфраструктура жана туристтик кластер объектилерин курууну улантууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

