Парламент Сенатынын жалпы жыйынында медиация жолу менен жетишилген эл аралык макулдашуулар боюнча БУУнун конвенциясы жактырылды. Документти Жогорку палатанын депутаттарына өлкөнүн юстиция министри Канат Мусин тааныштырды. Анын айтымында, Конвенциянын ратификацияланышы соттон тышкаркы медиацияны жакшыртуудагы оң кадам болуп саналат. Бул эл аралык сооданы өнүктүрүүнүн маанилүү куралы болуп, коммерциялык тараптардын ортосундагы эл аралык келишимдерди ишке ашырууга көмөктөшөт. Казакстандын Конвенциянын катышуучусу катары макамы өлкөнүн эл аралык ишкердик беделин жана инвестициялык тартымдуулугун бир топ жогорулатат, дейт министр. Белгилей кетсек, Конвенция мүчө мамлекеттердин эки же андан көп компанияларынын ортосундагы эл аралык коммерциялык талаштарда гана колдонулат.
Канат Мусин, Казакстандын Юстиция Министри:
– 2019-жылдын баш оона айынын 7де Сингапурда Казакстан ортомчулук аркылуу жетишилген эл аралык жарашуу келишимдери боюнча БУУнун конвенциясына кол койду. Ушул убакка чейин бизде мындай механизм болгон эмес. Конвенцияга ылайык, жарашуу келишими улуттук мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Медиациянын натыйжасында жетишилген макулдашууларды аткаруунун тартиби «Медиация жөнүндө» Мыйзамдын жана Казакстан Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жоболору менен каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков