Астана жараянынын 18-раунду келерки жылдын биринчи жарымында Нур-Султан шаарында өтөт. Ал эми борбор калаада өткөн 17-эл аралык жыйындын жыйынтыгында Иран, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасашты. Алар терроризмге каршы күрөштө кызматташууну улантуу ниетин билдиришип, буга кошумча Сириядагы гуманитардык кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти. Ошону менен бирге, кепил болгон-мамлекеттер Сирия Араб Республикасынын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө, БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине карата өз позицияларын ырасташты. Бул принциптер жалпыга бирдей сакталууга жана урматталууга тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков