Мамлекет башчысы Мажилистин төрагасын кабыл алды. Ал мамлекет башчысына Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине өлкөнүн делегациясынын катышуусу тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге Ерлан Кошанов президентке Жогорку Кеңештин Мажилисинин учурдагы мыйзам чыгаруу иши тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, Мажилис депутаттары “Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу”, “Конституциялык сот жөнүндө”, “Прокуратура тууралуу” мыйзам долбоорлорун, ошондой эле бир катар конституциялык жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун карап, Сенатка жөнөттү. Киргизилип жаткан укуктук нормалар жарандардын конституциялык укуктарын коргоону күчөтүүгө жана жарандардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков