Касым-Жомарт Токаев Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарага катышты

Касым-Жомарт Токаев Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарага катышты

Президент куттуктоо сөзүндө бул майрам эл чыдамсыздык менен күткөн өзгөчө майрам экенин, кыштын суугу кайтып, жаздын күнү жаркырап келген жыл башы экенин белгиледи. Нооруз ар дайым ынтымак-ырыскынын башаты. Бул күнү булактын көзү ачылып, бак отургузулган. Ал эми карыялар жаштарга батасын беришкен. Мамлекет башчысы – бүгүнкү күндө Нооруз элди бириктирип, бүтүндөй өлкө үчүн жалпы баалуулуктарды - боордоштукту, жакындарына кам көрүүнү, урматтоону, мекенчилдикти символдоштурарын белгилеп өттү. Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн учурдагы жетишкендиктерине токтолду. Ал Казакстанда 1 жылдын ичинде өлкөнү түп-тамырынан бери жаңылоо үчүн масштабдуу реформалар жүргүзүлгөнүн айтты. Президенттин айтымында, бийлик системасын кайра түзүү боюнча маанилүү саясий чаралар ишке ашырылды. Алдыдагы максат айкын. Ал – адилеттүү Казакстанды түзүү. Мындай жол менен эл арасындагы ынтымакты, биримдикти сактоо маанилүү, деп кошумчалады президент.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Кечээ эле өткөн Мажилиске жана Маслихаттарга шайлоолор биздин бардык реформаларыбыз үчүн өтө маанилүү кадам. Бул шайлоо масштабдуу өзгөрүүлөрдүн татыктуу уландысы болуп саналат. Ошентип, өлкөбүз жаңы доорго кадам таштады. Жалпысынан өлкөнүн жаңы саясий жүзү калыптанды. Тарыхый учур Улустун улуу күнүнө туш келип жатат. Мунун чоң символикалык мааниси бар. Жаңы Казакстандын бүгүнкүсү Нооруз менен толук үндөшөт. Башкача айтканда, Улустун улуу күнү биздин ыйык Мекенибиз таптакыр жаңы мүнөзгө ээ болду. Муну дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү тааныйт. Эми толугу менен жаңыланган саясий системасы бар өлкөбүз жаңы темп менен өнүгүп жатат. Бул реформалар экономиканын өсүшүнө, элдин кирешесинин өсүшүнө жол ачат. Реформалар сөзсүз уланат. Ар тараптуу өнүккөн кубаттуу өлкөгө айланабыз! Бул биздин башкы максатыбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков