Казакстанда 12 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлөт

Казакстанда 12 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлөт

Казакстанда быйыл түрдүү тармактарда жалпы наркы 273 миллиард теңгени түзгөн 64 долбоор ишке ашырылат. Натыйжада 12 миңден ашуун жумуш оруну түзүлүшү күтүлүүдө. Өлкөнүн Премьер-министринин орун басары Тамара Дүйсенованын айтымында, келерки жылы бул ишти улантып, 800 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү көздөлүп жатат. Экинчи жагынан, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Өлкөнүн кичи жана орто бизнеси мамлекеттин колдоосун сезет. Азыр өкмөт ишкерлерди колдоо жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгууда. Бүгүнкү күндө бул багытта “таза барактан жөнгө салуу” принциби сынактан өтүп жатат. Бир жарым жылдын ичинде 44 багыт боюнча 128 миң арыз текшерилген. Жыйынтыгында алардын 9 миңи жаңы жөнгө салуу саясатынын шарттарына жооп бербегени аныкталды. Ошондой эле, жакынкы арада салык органдарына отчёт берүү процесси ишкерлер үчүн абдан жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул жатта бардык отчётторду болжол менен 30% кыскартуу пландаштырылууда. Ошону менен бирге, көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө тобокелдиктерди тескөө системаларын автоматташтыруу бизнести пландуу текшерүүлөрдү 2 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков