Сенат мамлекеттик кызматтарды жакшыртуучу мыйзамды кабыл алды

Сенат мамлекеттик кызматтарды жакшыртуучу мыйзамды кабыл алды

Казакстандыктар манжа издерин тапшырууга милдеттүү болбойт. Сенат тиешелүү мыйзамды кабыл алды. Башкача айтканда, 2024-жылдан тарта жарандардын макулдугу менен гана ыктыярдуу дактилоскопиялык каттоо киргизилет. Бир гана деңизчилер менен чет элдиктер мындан баш тарта албайт. Эми Казакстандын жарандыгы жок адамдар жеке идентификациялык номер алуу үчүн өзү кайрылышы керек болот. Мурун алар муну башка адамдарга берилген ишеним кат негизинде конкреттүү жайгашкан жери боюнча жасай алган. Кошумчалай кетсек, бул мыйзамда «Астана Хаб» эл аралык технопаркынын катышуучусу 2024-жылдан баштап аталган парктын катталган жеринде жайгашуусу керек деген талап камтылган. Документте парктын аймагында зарыл болгон инфраструктура жок болсо, бул милдетти алып салуу көздөлүп жатат. Мындан тышкары, сенаторлор “Жарандарга арналган өкмөт” макамын өзгөртүү боюнча мыйзамды кабыл алды. Документке ылайык, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү провайдери болбойт. Эми анын функциялары өнөктөш уюмдардын атынан ишкердик субъекттерге өткөрүлүп берилет.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Кабыл алынган мыйзам мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагында мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Кошумчалай кетсек, мыйзамдын алкагында «Астана Хаб» технопаркынын иши жана дактилоскопиялык каттоо маселелерине байланыштуу өзгөртүүлөр каралган. Анын ичинде “Жарандарга арналган өкмөт” мамлекеттик корпорациясы кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоого жол ачат. Жалпы мыйзам калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет деген ишенимдебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков