Казакстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы бекемделүүдө

Казакстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы бекемделүүдө

Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы кызматташтык кеңейип, бекемделет. Президент Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында Астанада кабыл алынган жакынкы 10 жылга стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык программасы эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө жаңы дем берет. Эки өлкөнүн президенттери бүгүн Казакстан менен Өзбекстандын биринчи жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, республикаларда кыска мөөнөттө өз ара товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүгө жана жакынкы арада бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошентип Казакстан өнүмдүн экспортун 550 миллион долларга көбөйтүүгө даяр. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Бүгүнкү күндө 70 миллиард доллардан ашык жалпы наркы 3 миллиардга жакын долбоор бар. Машина куруу, металлургия, автомобиль, тиричилик техникасы, текстиль өнөр жайы, фармацевтика жана башка тармактарда долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Мунун баары биздин өлкөлөргө 14 миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Энергетика, байланыш, космостук технологиялар жана санариптештирүү сыяктуу тармактарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бул багытта өнөктөштүктү бекемдөөгө артыкчылык беребиз.

Мындан тышкары, мамлекеттер аралык кеңештин отурумунун жүрүшүндө трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын комплекстүү жана сарамжалдуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелери каралды. Тараптар эл аралык жана регионалдык түзүмдөрдүн алкагында өз ара колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашышты. Андан кийин Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Кытай – Казакстан – Өзбекстан каттамы боюнча Сиань шаарындагы кургак порттон контейнердик поезддин келишинин салтанаттуу аземине катышышты. Ал дээрлик 4 жарым км жолду рекордкоюп, 5 күндүн ичинде басып өттү. Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкөлөр ортосунда жүк ташуунун көлөмү 30 миллион тоннаны түзүп, 17 пайызга өскөн. Бул багыттагы интеграция өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан Республикасынын Президенти:

– Биз өз ара аракеттенүүбүздүн маанилүү багыттарынын бири болгон региондор аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүүнү макулдаштык. Биздин өлкөлөрдүн бардык облустарын тартуу менен региондор аралык кызматташтык форумун регион башчыларынын кеңешине кайра форматтоо демилгеси көтөрүлдү. Жакынкы келечекте өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган комплекстүү программа кабыл алынат. Бизде зор потенциал бар.

Бүгүн болсо Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын Президентине эң жогорку мамлекеттик сыйлык – эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы үчүн «Алтын дүйнө» орденин тапшырды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпысынан айыл чарба, саламаттыкты сактоо, экономика, чек ара соодасы жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган 15 документке кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков