Казакстандын жана Орусиянын Президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстандын жана Орусиянын Президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путинди Астанада тосуп алуу аземи өттү. Аны Көз карандысыздык сарайында Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Жогорку даражалуу меймандын урматына Казакстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учактары асманды Орусиянын желегинин түстөрүнө боёп, демонстрациялык учууну аткарышты. Мамлекеттик гимндер ойнолгондон кийин лидерлер расмий делегацияларын тааныштырышты.


Андан соң президенттер жеке жолугушуу өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Владимир Путинди жылуу тосуп алып, Орусия президентинин мамлекеттик сапарын эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин өнүктүрүүдөгү өзгөчө маанилүү окуя катары баалай турганын белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Бул иш-чара өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүү жагынан чоң мааниге ээ. Бирок менин оюмча, бул Евразия континентинде коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу жагынан да чоң мааниге ээ, анткени биздин өлкөлөр бул кеңири евразиялык мейкиндиктин негизин түзүшөт.


Өз кезегинде Орусиянын президенти жылуу кабыл алгандыгы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:


Биз былтыр сизди мамлекеттик визит менен кабыл алганыбызга кубанычтабыз. Андан кийин биздин элдерибиздин ортосунда, анын ичинде бир мамлекеттин алкагында кылымдар бою жанаша жашоонун бекем достук жана өз ара урматтоо салттарына чындап негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүздү тереңдетүү, кеңейтүү боюнча кошумча кадамдарды жасоо үчүн көп иштер жасалды. Биздин бүгүнкү жана эртеңки ишибиз да абдан жемиштүү болот деп ишенем.


Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү расмий делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланды. Мамлекет башчы белгилегендей, кызматташтык, айрыкча экономика тармагында ийгиликтүү өнүгүп жатат. Соода көлөмү 30 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда. Орусия казак экономикасына эң ири инвестор болуп саналат, жалпы инвестициясы 29 миллиард доллардан ашса, өлкө 9 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Жалпы суммасы 53 миллиард доллардан ашкан 177 биргелешкен инвестициялык долбоордун көбү ишке ашырылды. Өлкөлөр Региондор аралык кызматташтык форумун байма-бай өткөрүп турушат. Быйылал  баш оона айында Орусиянын Омск шаарында өтөт.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Биздин өлкөлөрдүн ортосунда талаш-тартыш жарата турган эч кандай маселе жок. Ортодо тек гана позитивдүү динамика бар жана биз кызматташтыгыбызды жаңы идеялар, долбоорлор менен байытып, улуттук деңгээлде чечкиндүү өнүктүрүп жатабыз. Бул жагынан алганда, бүгүн кабыл алынып жаткан «Казакстан жана Орусия элдеринин достугунун жана ынак коңшулугунун жети негизи жөнүндө» Биргелешкен билдирүүнүн маанисин өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул документ биздин өз ара мамилелерибиздин чыныгы маанайын чагылдырат жана аларды бекем, эң башкысы, узак мөөнөттүү негизде тереңдетүүгө болгон жалпы умтулуубузду бекемдейт.


Казакстан менен Орусиянын ар кандай көп тараптуу форумдардын алкагындагы, айрыкча Борбордук Азия-Орусия форматынын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү баса белгиленди. Касым-Жомарт Токаев маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык өзгөчө көңүл бурууга татыктуу экенин баса белгиледи. Казакстандын президенти ушул жайда Астанада өткөн Үчүнчү Келечек Оюндары жаштардын ортосундагы байланышты бекемдей турганын белгиледи. Алматы жана Астанада жаңы мектептерди ача турган Сириус долбоору квалификациялуу кадрларды даярдоого жардам берет. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Казакстан менен Орусия элдеринин ортосундагы достуктун жана жакшы коңшулуктун жети пайдубалы жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Тараптар ошондой эле 12 өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документ менен алмашышты. Сапардын жүрүшүндө эки меморандумга кол коюлду. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков