Казакстан инвесторлор менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Өлкөнүн жаңы конституциялык модели эл аралык өнөктөштүктүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн бекем негиз болуп саналат. Бул тууралуу Премьер-министр инвестициялык абалдарды жакшыртуу боюнча кеңештин отурумунда билдирди. Олжас Бектенов жакында күчүнө кирген Баш мыйзамда инвесторлор үчүн шарттар мындан ары туруктуу жана болжолдуу болуп калганын белгиледи. Казакстан жаңы инвестицияларды тартуу үчүн санариптик экономикага артыкчылык берет. Мисалы, «Маалыматтарды иштетүү борборлорунун өрөөнү» долбоорунун алкагында өлкө америкалык компания менен AI - инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча 10 миллиард долларлык келишим түздү. Бул багыттагы бизнес маселелерин тез чечүү үчүн Өкмөттүн жанында санариптик штаб иштейт. Президенттин жарлыгы менен 2026-жыл Казакстанда Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланды. «Digital Qazaqstan» жалпы улуттук стратегиясы бекитилди, Санариптик кодекс, «Жасалма интеллект жөнүндө» мыйзам, «Киберкоопсуздук тууралуу» мыйзам кабыл алынды.
Олжас
Бектенов, Казакстан
Республикасынын Премьер-министри:
– Укуктук тактыкты камсыз кылуу ички жана тышкы аудиторияны тынчсыздандырган бир катар маселелерди күн тартибинен алып салат. Менимче, бул саясий-укуктук системанын туруктуулугуна жана алдын ала айтууга өзгөчө маани берген инвесторлор үчүн да пайдалуу кадам. Ошентип, жаңы конституциялык модель жана туруктуу реформалар багыты экономикабызды мындан ары жаңыртууга, эл аралык өнөктөштүктүн чөйрөсүн кеңейтүүгө жана Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга бекем негиз болуп саналат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

