Сенат Казакстанга 190 млрд доллар тартууга багытталган келишимдерди кабыл алды

Сенат Казакстанга 190 млрд доллар тартууга багытталган келишимдерди кабыл алды

Казакстан болжол менен 3 эл аралык банктан 1 миллиард 300 миллион доллар тартат. Алар Азия Өнүктүрүү Банкы, эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы саналат. Сенат алардан карыз алуу боюнча бекитилген келишимдерди кабыл алды. Депутаттар бул жеңилдетилген тартип менен бериле турган каражаттын казынага оорчулук жараткан тармактардын оптималдуу чечилишине өбөлгө болорун айтышууда. Башкача айтканда, бул бюджеттин алкагында кабыл алынган мамлекеттин бардык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал өлкөнүн социалдык, инфраструктуралык жана транспорттук багыттарына жумшалат.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Каралган келишимдер маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Мындан ары бул мыйзамдар социалдык-экономикалык туруктуулукка жана өлкөнүн негизги стратегиялык артыкчылыктарын андан ары ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков