Казакстан менен Монголия товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин көбөйтөт

Казакстан менен Монголия товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин көбөйтөт

Казакстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ведомстволорунун өкүлдөрүнүн Улан-Батор шаарындагы жолугушуусунда айтылды. Тараптар Казакстан менен Монголиянын лидерлеринин өз ара товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашууларын ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды талкуулашты. Ошондой эле агрардык тармакта өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Мисалы, Казакстан Монголияга ветеринардык вакциналарды жеткире баштайт, ал эми келечекте бул өлкөдө аларды өндүрүүнү жолго коюу пландаштырылууда. Мындан тышкары, биздин республика айыл чарба техникасын, буудайды жана башка дан эгиндерин экспорттоону көбөйтүүгө даяр. Ири биргелешкен долбоорго өзгөчө көңүл бурулду.


Мурат Нуртлеу, Казакстандын Премьер-министрдин орун басары, Тышкы иштер министри:


- Казакстан Монголиядан 500 миң баш эчки сатып алуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Биз бул демилгени мал чарба продукциясын терең иштетүү жана экспортко багытталган өндүрүштүк кызматташтыкты түзүү боюнча биргелешкен долбоордун башталышы катары карап жатабыз. Мындан тышкары, мен кесиптешиме электрондук өкмөттү киргизүү жана космосту өздөштүрүү жаатында адистерди даярдоого колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдирдим.

 

¤Казакстан тоо-кен тармагында Монголия менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөөдө. Өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун башчысы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр компанияларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Өз кезегинде Монголиянын тышкы иштер министри тараптар айыл чарба жана транспорт тармактарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча макулдашканын белгиледи.


Батмунхийн Батцэцэг, Монголиянын Тышкы иштер министри:


- Эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүнүн алкагында жол-транспорт тармагындагы учурдагы тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жоюу, жаңы транспорттук-логистикалык каттамдарды түзүү, авиакаттамдардын санын көбөйтүү, жарандардын өз ара саякаттарынын агымын өстүрүү, импорттун жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле ишкерлер үчүн жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү боюнча биргелешип иштөө боюнча макулдашууга жетишилди.


Казакстан Монголияга казак тилинде 5 миң китеп өткөрүп берди


Казакстандын президентинин тапшырмасы боюнча Монголияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө тышкы иштер министри мамлекеттик тилде жазылган беш миң китепти тапшырды. Бул биздин өлкөнүн белгилүү жазуучуларынын, акындарынын жана окумуштууларынын чыгармалары. Китептер китепканаларга жана окуу жайларына, анын ичинде казак диаспорасы бар аймактарга жөнөтүлдү. Мурат Нуртлеу моңгол жетекчилигине жергиликтүү казактардын тилин жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоого көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин тастыктады. Монголиянын жогорку окуу жайларында миңге жакын казакстандык студент билим алат. Келечекте Казакстандын алдыңкы университеттеринин биринин филиалын ачуу пландаштырылууда.


Султан Таукей, Монголиянын эл жазуучусу:


- Бул китептерди биздин парламенттеги өкүлдөрүбүз кабыл алышты. Баян-Өлгий аймагында облустук китепкана бар – китептер ошол жакка, ошондой эле райондук китепканаларга түшөт. Бизде кырктан ашык мектеп бар, алардын баарында окутуу казак тилинде жүргүзүлөт. Жалпысынан, мындай китептер бизге Казакстандан жыл сайын келип турат. Өткөн жылы «Отандастар» коомдук фонду дагы бир топ адабияттарды өткөрүп берген. Биздин орто мектептер негизинен казакстандык окуу куралдарын колдонушат.

Которгон: Назира Бегалиева