Мамлекет башчысы стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ISO) башкы катчысы Серхио Мухиканы кабыл алды

Мамлекет башчысы стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ISO) башкы катчысы Серхио Мухиканы кабыл алды

Казакстандын президенти стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун башкы катчысы Серхио Мухиканы кабыл алды. Бул дүйнөлүк сооданын, инновациялардын жана туруктуу өнүгүүнүн негиздерин түзгөн абройлуу институт. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен ISOнун санариптик трансформация жана туруктуу өнүгүү сыяктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлору үчүн олуттуу дараметти белгиледи. Өз кезегинде Серхио Мухика республиканын улуттук стандартташтыруу жана санариптик технологиялар системасын өнүктүрүү боюнча аракеттерин жогору баалады. Алар жемиштүү кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков