Казакстандын Президенти АКШ менен Болгариянын элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Казакстандын Президенти АКШ менен Болгариянын элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев дипломаттарды миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкө менен тең өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, мамлекет башчыларына каалоолорун айтты. Болгариянын элчисине кайрылып, Казакстандын Президенти өткөн жылы Болгариянын Президенти Румен Радевдин өлкөгө болгон сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң түрткү бергенин белгиледи. Казакстан Болгария менен саясий чөйрөдө да, экономикалык чөйрөдө да мындан ары кызматташууга кызыкдар. Мамлекет башчысы казак-америка мамилелерине өзгөчө көңүл бурду. Джули Стаффт менен болгон сүйлөшүү учурунда Президент өткөн жылдын жетинин айында АКШга болгон сапарынын маанилүүлүгүн жана ийгиликтүү болгонун эске салды. Касым-Жомарт Токаев жакында Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда тараптар кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулаганын айтты. Казакстандын Президенти Кошмо Штаттарда жылдын аягында өтө турган G20 саммитине чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү колдоо жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракет жумшалаарын билдирди.


Джули Стаффт, АКШнын Казакстан республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:


- Казакстан менен АКШны узакка созулган мамилелер байланыштырат, анткени АКШ Казакстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө болгон. Азыр биздин мамилелерибиз тарыхтагы эң жогорку деңгээлде турат. Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Дональд Трамптын ортосунда тыгыз байланыш бар жана алар дайыма пикир алышып турушат. Жакынкы аралыкта алар кайрадан жолугуп, баарлашууну улантышат. Мен жакында эле Президент Токаев менен жолугуштум, анын жүрүшүндө биз эки тараптуу мамилелердеги артыкчылыктарыбызды талкууладык. Мен билем, бул жаатта бизди Президент Трамп толугу менен колдойт жана эки лидердин колдоосу менен кызматташтыгыбызды кеңейтүүгө чоң үмүт менен карайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков