Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти кытайлык ири компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев SINOPEC компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Ма Юншэн менен мунай-газ химиясы жана энергетика тармагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Компания 2024-жылдын экинчи жарымында полиэтилен чыгаруучу заводдун курулушун баштоого, ошондой эле, Атырау шаарында терефталь кислотасы жана полиэтилентерефталат өндүрүү комплексин курууга ниеттенүүдө.
Касым-Жомарт Токаев Кытайдын тез жеткирүү боюнча адистешкен логистикалык оператору менен жолугушууда электрондук коммерция, транспорт жана логистика тармагындагы эффективдүү кызматташуу дараметин талкуулады. Компания Борбор Азиядагы башкы кеңсесин Казакстанда ачууну пландаштырууда. Ошондой эле, өлкөнүн бир катар аймактарында «А» категориясындагы жогорку технологиялык мультимодалдык борборлорду куруу каралып жатат. Мындай инфраструктура товарларды тез кайра иштетип, Европа Биримдигине, ЕАЭБге жана региондун өлкөлөрүнө экспорттоого оптималдуу шарттарды түзөт.
Андан соң мамлекет башчысы CITIC Group компаниясынын башкарма төрагасы Чжу Хэсинь менен жолугушту. Тараптар энергетика жана башка тармактарда өз ара өнөктөштүктү бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашты.
Касым-Жомарт Токаевдин CRRC Corporation Limited компаниясынын төрагасы жана аткаруучу мүдүрү Сунь Юнцай менен жолугушуусунда унаа жасоо жана темир жол тармагындагы кызматташуу чөйрөсү сүйлөшүүнүн өзөгүнө айланды. Президент өлкө алдыңкы технологияларды колдонуу жана темир жол техникаларын тейлөө борборлорун ачуу аркылуу локомотив өндүрүшүнүн жергиликтүү үлүшүн көбөйтүүгө кызыктар экенин белгиледи.
Бээжинде 17 миллиард долларга бааланган 30 документке кол коюлду
Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Токаевдин КЭРге расмий сапарынын алкагында Казакстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча 17 миллиард долларга жакын 30 документке кол коюлган. Анда инвестициялык жана соода келишимдери, өндүрүш технологияларын берүү, насыялык линияларды ачуу боюнча келишимдер камтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков