Чет элдик серепчилер Казакстанга колдоолорун билдиришти

Чет элдик серепчилер Казакстанга колдоолорун билдиришти

Түркиянын тышкы иштер министри Казакстандын элине жана өкмөтүнө колдоосун билдирип, жаңы дайындалган премьер-министр Алихан Смаиловго ийгиликтерди каалады.

Мевлют Чавушоглу, Түркия Тышкы иштер министри:

- Түрк дүйнөсү чоң үй-бүлө, биздин өлкөлөр бир бүтүндүктүн бир бөлүгү. Биз Казакстандагы абалдын турукташканына кубанычтабыз. Күч биримдикте. Түрк тилдүү мамлекеттер көйгөйлөрдү чечүү үчүн бирдиктүү болушу керек. Түрк дүйнөсүнүн бир муштумга биригип уюушуусу өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү менен жыргалчылыгын жогорулатууга арналган мыкты аянтча болуп саналат.

Сербиялык депутат Казакстандын жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чаралар менен чечимдерге колдоосун билдирди. Ошондой эле, ал өлкө башына кыйынчылык келгенде биримдик тааныткан Казакстан калкынын данакерлигин өзгөчө белгилеп өттү.

Драгомир Я. Карич, Сербия Республикасынын Эл скупщинасынын депутаты, Казакстан менен парламенттик достук тобу төрагасынын орун басары:

- Мен сиздин өлкөңүздү абдан жакшы жана көптөн бери билем. Мени көп жылдар бою Казакстан менен кызматташуу, достук жана жакшы адамдык мамилелер байланыштырып турат. Провокаторлордун мыйзамсыз аракеттери Улуу Талаанын тынчтыгына, бейпилдигине жана коопсуздугуна коркунуч келтирди. Кимдир бирөөнүн терс саясий көз карашынан улам, башкалардын укугун бирдей караган көп улуттуу мамлекеттин достугуна доо кетирип, бир түндө элдин көп жылдардан берки жакшы иштерин жок кылууга аракет кылышты. Мен депутат жана Казакстандын көптөн берки досу катары президент Токаевдин чечкиндүү жана алысты көрө билген чечимдерин толук колдойм. Элдин акылмандыгы, өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар кырдаалдан татыктуу чыгууга жардам береринде шек жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков