«Адилет» партиясында Казакстандын аймактарын өнүктүрүү маселеси талкууланды

«Адилет» партиясында Казакстандын аймактарын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды азайтуу «Адилет» партиясында талкууланды. «Күчтүү региондор - күчтүү өлкө» стратегиялык сессиясында серепчилер айыл аймактарын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарбаны модернизациялоо, экология, энергетика жана инвестицияларды тартуу маселелерин карашты. Партияда мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу экономикалык көрсөткүчтөр менен гана эмес, адамдардын жашоо сапатынын өзгөрүшү менен да өлчөнүшү керектигин белгилешти. Өлкөнүн Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, калктуу пункттардын объектилер жана кызматтар менен камсыздалышы 68% жетти. Шаардык жана айылдык инфраструктуранын ортосундагы айырмачылыктар дагы эле сакталып турат. Ошондуктан негизги кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу регионалдык саясаттын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Ал эми стратегиялык сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуштарды мындан ары өркүндөтүүдө эске алуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков