Сенат казак-кыргыз союздаштыгын тереңдеүү жөнүндө мыйзамды бекитти

Сенат казак-кыргыз союздаштыгын тереңдеүү жөнүндө мыйзамды бекитти

Казакстан Кыргызстан менен союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялады. Тиешелүү мыйзамды Сенат жактырды. Документ соода-экономикалыктан транзиттик-транспорттук жана суу-энергетикалык тармактарга чейинки кызматташтыктын кеңири спектрин камтыйт. Бүгүнкү күндө Казакстан Кыргызстандын ири соода өнөктөштөрүнүн үчтүгүнө кирет. Акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу түрдө 1,5 миллиард доллардан ашат. Жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын алкагында бул көрсөткүчтү 3 миллиард долларга чейин көбөйтүү милдети коюлду. Биздин ишкерлер кыргыз экономикасына 1,3 миллиард доллардан ашык инвестиция салганы белгилүү. Жалпысынан республикалар өлкөбүздүн парламенттер аралык кеңешинин үзгүлтүксүз жыйындарынын алкагында, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону колдошот. Маданий өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн алкагында быйыл казак-кыргыз кино күндөрү жана жаштар форуму өткөрүлөт.

Дархан Кыдырали, Казакстан Парламентинин Сенатынын депутаты:

- 22 беренеден турган келишим эки өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү ар тараптуу кызматташтыгынын негизинде союздаштык мамилелерди өнүктүрүүнү, ошондой эле аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалы болот деп ишенебиз.

 Которгон: Назира Бегалиева