Казакстанда онкокызматты модернизациялоого ири каражат бөлүнөт

Казакстанда онкокызматты модернизациялоого ири каражат бөлүнөт

Казакстан онкологиялык кызматты модернизациялоого 460 миллиард теңгеден ашык каражат бөлөт. Өкмөттө өлкөдө залалдуу шишик илдети менен күрөшүү боюнча комплекстүү планга кол коюлду. Документ мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруунун алкагында иштелип чыккан. Жогорку натыйжалуу эрте диагностика, адистештирилген дарылоо, паллиативдик жардам жана калыбына келтирүү. Республикада онкологиялык оорулууларды дарылоодо жана терапиясында эң эффективдүү техниканы колдонуу мерчемделип жатат. Бейтаптар ар бир региондо акыркы үлгүдөгү жабдыктар аркылуу дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде заманбап нурлануу менен дарылоого мүмкүнчүлүк алышат. Мындан сырткары, зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылынат. Айыл тургундарына жардам көрсөтүү үчүн көчмө медициналык комплекстерди колдонуу пландалууда. Буга кошумча, телемедицинанын жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу жагы каралып жатат. Кадрлар менен илимди чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Жалпысынан өкмөт белгилегендей, онкологиялык жардам көрсөтүү өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу терапиянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков