Казакстан менен Гвинея-Бисау президенттери АЭКБда болушту

Казакстан менен Гвинея-Бисау президенттери АЭКБда болушту

Казакстан менен Гвинея-Бисау президенттери «Астана» эл аралык каржы борборунда болушту. Касым-Жомарт Токаев менен Умару Сиссоко Эмбалого АЭКБнын түзүмү жана анын ишинин негизги багыттары жөнүндө баяндап беришти. Каржы борбордун жетекчисинин айтымында, аянтчада эки өлкө ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары инвестиция, «жашыл» жана ислам каржылоосу, ошондой эле каржы чөйрөсү үчүн кадрларды окутуу болушу мүмкүн. Андан соң мамлекет башчыларына прецеденттик укуктун ченемдерине негизделген Борбордук Азиядагы биринчи сот системасы — АЭКБнын сотунун иши тууралуу маалымат берилди. Президенттер эл аралык арбитраждык борбордун жана жашыл каржы борборунун, ошондой эле АЭКБнын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу комитетинин ишмердүүлүгү жана борбордун жөнгө салуу режиминин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө АЭКБ аркылуу өлкөгө 14 миллиард доллар инвестиция тартылган, анын 6,7 миллиарды – биржа аркылуу. Борбордо азыр 3 миң 400 компания дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн, анын ичинде Африка континентинен 6 компания каттоодо турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков