Астанада Казакстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган китептин бет ачары болду. Юбилейлик басылмада тараптардын ортосундагы жакшы коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарына аналитикалык баяндама берилген. Ошондой эле стратегиялык документтерге кол коюунун хронологиясы, эки тараптуу келишимдердин толук тизмеси бар. Китеп сейрек кездешүүчү сүрөттөр жана уникалдуу маалымдама маалыматтары менен толукталган. Авторлордун айтымында, Тышкы иштер министрлигинин, Биринчи Президенттин китепканасынын жана «Казахстанская правда» гезитинин редакциясынын архивдик материалдарынын негизинде чогултулган. Китеп үч тилге - казак, кытай, орус тилдерине бөлүнгөн жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.
Тимур Шаймергенов, китептин автордук тобунун өкүлү:
Китепте өтө маанилүү жагдай – казак-кытай мамилелеринин бүткүл эволюциясы түптөлгөн алгачкы күндөрдөн тартып сүрөттөлүп, суроолор кандайча башталганын, эки тарапты кандай маселелер тынчсыздандырганын, эмнелерге басым жасалганын көрсөтүү абдан маанилүү болду. Эволюция процессинде - биринчи байланыштардан коопсуздук маселелери соодага өтүп, андан кийин мунай-газ багыты, транспорт пайда болгон. Ал эми бүгүнкү күндө бизде Казакстан 21-кылымдын заманбап Жибек жолун ишке ашыруудагы негизги өлкө болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков