Казакстан Монголия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар

Казакстан Монголия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар

Касым-Жомарт Токаев парламенттер аралык дипломатия, соода-экономикалык, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Дашзэг-вийн Амарбаясгалан менен талкуулады. Казакстандын Президенти өткөн жылдын тогуздун айында Монголияга болгон сапарынын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканын, мамалекеттер ортосундагы бекем достук жана стратегиялык өнөктөштүк терең тамырга ээ экенин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Казакстан Монголия менен стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого кызыкдар экенин атап өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков