Өкмөт келерки жылы 26 мыйзам долбоорун иштеп чыгууну мерчемдеп жатат. Алардын 16сы Мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмаларды ишке ашырууга байланыштуу. 2022-жылдын биринчи жарымында 7 мыйзам долбоорун, ал эми кийинки алты айда 19 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу көздөлүүдө. Атап айтканда, Казакстан Республикасынын Социалдык кодекси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, кесиптик квалификация, агломерацияны өнүктүрүү, жылуулук энергетикасы жана башка мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгат. Быйыл министрлер кабинети тарабынан 25 жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Алардын бешөө Президент тарабынан кол коюлса, бирөө парламентте кабыл алынып, 18и депутаттардын кароосунда турат. Жылдын аягына чейин дагы бири депутаттардын талкуусуна коюлат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков