Мал доктурлары кооптуу инфекциялар боюнча тренингден өттү

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун серепчилери казакстандык ветеринарлар менен абдан кооптуу зооноздук  ооруларга каршы ыкчам аракеттенүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Ветеринарларга арналган тажрыйбалык тренингде Англия менен Венгриянын кесипкөй адистери жергиликтүү кесиптештерине кооптуу инфекциялар менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун көрсөттү. Тактап айтканда, дезинфекциялоо жана биокоопсуздук эрежелерин сактоо, тобокелдик чараларын иштеп чыгуу, илдеттин келип чыгуу себептерин изилдөө жана жайылуу булактарын аныктоонун алдыңкы ыкмаларын сунуштады. Чет элдик серепчилер жаныбарларды вакцинациялоо ыкмалары менен да бөлүштү. Долбоор - Казакстандын ветеринардык кызматын чыңдоого багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков