Казакстанда суу ташкындарын болжолдоо жана моделдөө санариптик системасы иштелип чыгууда. Ал, биринчи кезекте маалыматтарды чогултуу, талдоо, андан кийин болжолдоо жана моделдөө сыяктуу төрт модулду камтыйт. Өкмөттөн билдиришкендей, программада «Казакстан космос сапары», «Казгидромет» жана «Улуттук геодезия жана мейкиндик маалымат борборунун» маалыматтары колдонулат. Мындан тышкары, система Ички иштер министрлигинин суу ташкыны, сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактар. Ошондой эле гидротехникалык курулуштар боюнча маалымат базасы менен интеграцияланып, суу каптоо коркунучу жогору болгон аймактардын «санариптик топографиясын» түзүү мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков