Мамлекет башчы Орусия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчы Орусия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Дагестандагы терактка байланыштуу президент Владимир Путинге жана Орусия элине телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда көңүл айтты. Мамлекет башчы Казакстан карапайым калктын өмүрүнө кол салууга жасалган ар кандай кутумчулукту жана карасанатайлык аракетти чечкиндүү түрдө айыптай турганын, муну эл аралык жана аймактык коопсуздукка чоң коркунуч деп эсептей турганын билдирди. Тараптар терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө тыгыз кызматташууну улантуу маанилүү экенин белгилешти. Президенттер ошондой эле Астанада өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин күн тартибин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков