Казакстандын
президенти ЖМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады! Касым-Жомарт
Токаев калем жана микрофон чеберлеринин коомдук аң-сезимди жаңыртуудагы жана
элдин ынтымагын бекемдөөдөгү эбегейсиз ролун баса белгиледи. Ошондой эле
мамлекет башчы жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын
коргоо мамлекеттин приоритеттүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Казак
журналистикасынын терең тарыхы, улуу муун калыптандырган өзгөчө кол тамгасы
бар.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
-«Анын бай мурасын, даңктуу тарбиялык салттарын сактап калуу маанилүү. Өлкөбүздүн медиа тармагынын өкүлдөрү бүгүнкү күндө бул жооптуу миссияны татыктуу аткарып келе жатышат. Сиздер жарандарга күн сайын ишенимдүү жана өз убагында маалымат берип, чыныгы кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп жүрөсүздөр. Мындан ары да элди түйшөлткөн маселелерди көтөрүп, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоого бардык аракеттерди жасай бересиздер деп ишенем. Сиздерге бакубатчылык, ийгилик жана чыгармачылык эргүү каалайм!».
Которгон: Илгиз Жамалбеков