Казакстандын президенти укук коргоо органдарынын кеңейтилген коллегиясынын отурумунда сөз сүйлөдү

Казакстандын президенти укук коргоо органдарынын кеңейтилген коллегиясынын отурумунда сөз сүйлөдү

Адилеттүү жана коопсуз Казакстанды куруу үчүн мыйзам менен тартиптин үстөмдүгүн түп-тамырынан бери орнотуу зарыл. Бул – бардык жарандардын кызыкчылыгын, укугу менен эркиндигин коргоонун негизги таянычы. Бул тууралуу президент укук коргоо органдарынын кеңейтилген коллегиялык жыйынында билдирди. Коомдун укуктук маданиятын арттырып, системаны өркүндөтүү зарыл. Бул жаатта Касым-Жомарт Токаев негизги басымдуулуктарды атады. Алгач «мыйзам жана тартип» принцибин жапырт даңазалоо керек. Ата - бабалардын өзгөчө укуктук мурастарын кылдат изилдеп, ар тараптуу даңазалоо маанилүү.

Касым-Жомарт Токаев, Казастан Республикасынын президенти:

- Мыйзам – кысым көрсөтүү же куугунтуктоо куралы эмес. Мыйзам – ар бир адамдын укугу менен эркиндигинин коргоочусу. Биз ушул чындыкты терең түшүнгөн жарандык жана маданий чөйрөнү калыптандырышыбыз керек. Тартип – жалпыга бирдей баалуулукка, ал эми мыйзамга баш ийүү – ар кимдин жашоо образына айланууга тийиш. Мамлекеттик аппарат менен бүткүл коом биргелешип иш алып барса, өлкөбүз көздөгөн максатына жетет. Өнүккөн ой жүгүрткөн улут болуу үчүн адептүүлүк, өз ара сый, сабырдуулук, сылыктык сыяктуу сапаттарды барынча даңазалаган оң. Жарандар адеп менен мыйзамды мажбурлоо менен эмес, аң-сезимдүү түрдө сакташы керек.

Экинчи багыт – укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүү. Кылмышка түрткү берүүчү себептерди алдын ала аныктап, жок кылып туруу зарыл. Уюштуруу түзүмүн дагы жаңылоо маанилүү. Ички иштер министрлигинин тутумунда профилактикалык иштерди координациялай турган өзүнчө бөлүм түзө турган убак келди, - деди Президент. Коркунучтарды аныктоочу иш-чараларга артыкчылык берилет. Бул жаатта жасалма интеллект жана «чоң маалыматтар базасы» мүмкүнчүлүктөрүн жумшоо зарыл. Жакында ишке киргизиле турган суперкомпьютерди ушул максатта пайдаланууга болот. Кылмыш-аткаруу тутумун гумандаштыруу, өркүндөтүү үчүн конкреттүү чаралар кабыл алуу – бул үчүнчү багыт. Ал эми акыркысы – укук коргоо органдарынын ишине сервистик модель принциптерин кеңири киргизип, кадрдык дараметин күчөтүү.

Касым-Жомарт Токаев, Казастан Республикасынын президенти:

- Полиция жана башка түзүмдөр бийлик менен коомдун ортосундагы алтын көпүрө болууга тийиш. Ал үчүн «Мамлекет жана жаран – бир бүтүн» деген түпкү принцибибизге толук ылайык келген эл менен мамиленин жаңы маданиятын калыптандыруу керек. Бул багытта жылыштар бар. Бирок кабыл алынган чаралар азырынча натыйжалуулугун көрсөтө элек, анткени ырааттуулук жок. Эл менен түздөн-түз иштөөгө тоскоолдук кылган ашыкча бюрократиядан арылуу керек. Реформалардын чынчылдыгына, адилеттүүлүгүнө жана мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугуна жарандардын ишеними көбүнчө укук коргоо органдарынын кесиптик деңгээлине байланыштуу.

Дагы бир маселе – участкалык инспекторлордун мүмкүнчүлүгүн чыңдоо. Айылдагы тартип сакчыларына чин бергенде жеңилдик жасап, бир жылдык эмгек стажын 1,5 жыл деп эсептөө зарыл, - деди Президент. Касым-Жомарт Токаев «мыйзам жана тартип» жумалыгын жарыялады. Бул бир жолку акция эмес, жумуштар системалуу түрдө уланат. Быйыл Баш мыйзамдын 30 жылдыгына карата, жазасын өтөп жаткан 15 миңден ашуун адамга мунапыс жарыяланат. Бул алардын коомго кайра кайтып келүүсүнө шарт түзөт. Жыйындын соңунда Президент кызматтык милдетин аткарууда эрдик көрсөткөн тартип сакчыларына, кызматкерлердин апаларына жана жубайларына, ошондой эле коомдук тартипти чыңдоого салым кошкон ардагерлерге ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков