Сенат ЕАЭБдин алкагында айыл чарба өнүмдөрүн соодалоо боюнча мыйзамды кабыл алды

Сенат ЕАЭБдин алкагында айыл чарба өнүмдөрүн соодалоо боюнча мыйзамды кабыл алды

Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү үчүн айыл чарба өнүмдөрүнүн электрондук соодасын өз ара өнүктүрүү оңой болот. Казакстан парламентинин жогорку палатасы өткөн жылы Москвада экономикалык бирикмеге катышкан өлкөлөрдүн ортосунда кол коюлган келишимди ратификациялады. Документ биримдиктин алкагында кампа сертификаттарын берүү менен аларды жүгүртүүгө чыгаруу жана төлөөгө байланышкан жараяндарды толугу менен жөнгө салат. Муну менен катар буга байланыштуу коюлган талаптарды айкындайт. Бул келишимге ылайык, кампа сертификаттары чыгарылган айыл чарба өндүрүш комплексинин өнүм түрлөрү мүчө өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат. Мындан тышкары, катышуучу-мамлекеттер бирдиктүү интернет-ресурс аркылуу керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк берүүчү системаны камсыздоого милдеттенишет.

Закиржан Кузиев, Парламент Сенатынын депутаты:

- Белгилей кетсек, бул макулдашуу Казакстанда  тил каттарынын жүгүртүүсүн мыйзамдык жөнгө салуу тажрыйбасына негизделген. Жалпысынан келишимди ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылык чыгымдарды талап кылбайт жана терс социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерге алып келбейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.