Касым-Жомарт Токаев үчтүн айынын 14-15 күндөрү «Абу Дабинин туруктуу өнүгүү жумалыгы» саммитинин ишине катышат. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарындагы иш-чарага өлкө президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын чакыруусу менен барат. Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү эл аралык форум туруктуу өнүгүү, экология жана кайра жанма энергия булактары маселелерине арналган. Дүйнөлүк лидерлер, серепчилер жана ишкерлер климаттык өзгөрүүлөр жана энергетикалык трансформация жаатындагы чечимдерди талкуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

