Питерде КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү

Питерде КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү

Касым-Жомарт Токаев КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты. Жыйындын жүрүшүндө Шериктештик мамлекеттеринин лидерлери – Орусия, Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын, өз ара натыйжалуу кызматташтыкты бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү планын талкуулашты.

Президент Санкт-Петербургдагы бир катар маданий объектке барды

Жумушчу сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге Санкт-Петербургдун бир катар маданий объекттерин кыдырды. Делегациянын башчылары уникалдуу архитектуралык эстеликтер — «Павловск», «Царское село», «Петергоф» музей-коруктарына барды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков