Казакстанда мамлекеттик органдарга өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсүн алууга тыюу салынат. Бул эреже иммигранттарга тиешелүү эмес. Чет элдик жаран өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары жана коопсуздугу үчүн өздүк күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү болот. Мындан тышкары, алдамчылык аракеттерден коргонуу максатында казакстандыктарга Egov порталы аркылуу банктык насыяларды жана микро насыяларды алуудан өз ыктыяры менен баш тартуу укугу берилет. Сенаторлор ушул жана башка бир катар түзөтүүлөр менен маалыматтык коопсуздук боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты. Жалпы ыйгарым укуктун алкагында өлкөнүн 4 кодексине жана 10 мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Жогорку палатанын мүчөлөрүнүн айтымында, мыйзам жарандардын жеке маалыматтарын коргоону жана санариптик майнинг тармагын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган. Акыркысы боюнча кызматын жүзөгө ашырууга байланыштуу лицензияны кайтарып алуу, убактылуу токтотуу жана ишин кайра жаңыртуунун тартибин аныктайт. Мажилистин депутаты Екатерина Смышляева жаңы документте каралган негизги артыкчылыктарды түшүндүрдү.
Екатерина
Смышляева, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Биринчи инновация
– жеке маалыматтарга мамлекеттик көзөмөлдөө институту киргизилет. Экинчиден,
маалыматтык системаларды изилдөөчүлөрдүн иши мыйзамдын негизинде жөнгө салынат.
Бул алдамчылыктын алдын алуу үчүн жасалат. Бул багытта акыркы эки жылдан бери
пилоттук режимде атайын бакбаунти платформасы иштеп жатат. Мамлекеттик
техникалык кызматтын алдында маалыматтык коопсуздук боюнча мамлекеттик борбор
түзүлүүдө. Биздин өлкөдө жеке маалыматтарга келсек, участкаларга байланыштуу
билдирүүлөрдүн тартиби өзгөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков