К. Токаев Кытай менен Вьетнамга куттуктоо телеграммаларын жөнөттү

К. Токаев Кытай менен Вьетнамга куттуктоо телеграммаларын жөнөттү

Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын төрагасына жана Вьетнам Компартиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысына куттуктоо телеграммаларын жөнөттү. Касым-Жомарт Токаев Си Цзиньпинди жана То Ламаны Ай календары боюнча Жаңы жылы менен куттуктады. Казакстандын Президенти эки өлкөнүн элдерине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Ошондой эле мамлекет башчысы республика менен Кытай мамлекетинин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдегенин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев телеграммасында То Ламага Казакстан Вьетнамды Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш катары карап жатканын баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков