Сенат ЕАЭБ алкагында биргелешкен кооперациялык долбоорду каржылоо тууралуу протоколду ратификациялады

Сенат ЕАЭБ алкагында биргелешкен кооперациялык долбоорду каржылоо тууралуу протоколду ратификациялады

Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү жана иштеп жаткандарын модернизациялоо. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын, экспорттун жана инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу. Бүгүн экономикалык биримдиктин алкагында сенаторлор биргелешип кызматташуу долбоорлорун каржылоо боюнча протоколду ратификациялоону жактырды. Биримдиктин бюджетине келип түшкөн атайын демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын 10% каражаттардын булагы болуп калат. Бир долбоор боюнча субсидиялардын максималдуу суммасы жылына 1,8 миллиард теңгени түзөт. Парламенттин Жогорку палатасында белгиленгендей, каржылык колдоо экинчи деңгээлдеги банктар жана өнүктүрүү институттары аркылуу жүргүзүлөт. Алардын ичинен 15и Казакстандан. Каржылоонун артыкчылыктуу багыттары аныкталган. Алар – химия, металлургия жана унаа жасоо өнөр жайлары.

Жаннат Дубирова, өнөр жай жана курулуш министринин орун басары:

– Ратификациялоо Евразия экономикалык биримдигинин бюджетинен кызматташуу долбоорлорун каржылоого жана укуктук базаны түзүүгө зарыл. Бүгүнкү күндө биз кызматташуу долбоорлорунун алкагында 144төн ашык долбоорду ишке ашырып жатабыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков