К. Токаев: Кырсыкты биргелешип гана чечүүгө болот

Касым-Жомарт Токаев Батыш Казакстан облусунун Теректи, Сырым жана Каратөбе райондорундагы абал менен жеке таанышты. Мамлекет башчысынын жумушчу сапары сел каптаган аймактарды тик учак менен кыдыруу менен башталды. Облус акими Нариман Төрегалиев президентке бүгүнкү күндө 6 районду жана Орал шаарын суу каптаганын билдирди. Суу каптаган аймактардан 7 миңдей тургун эвакуацияланды. Жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 63 миллион теңге бөлүндү. Азыркы учурда суу чыгаруу, объекттердин жан-жагын топурак менен курчоо, суу түтүктөрүн кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Президент суу каптаган аймактарды тик учак менен кыдырып чыккандан кийин  Каратөбе районундагы мектеп-гимназиясынын базасында жайгашкан эвакуация пунктуна барды. Мамлекет башчысы селден улам жакынкы айылдардан көчүрүлүп келген тургундар менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев мындай суу ташкыны буга чейин болбогонун айтты жана чыгымдардын ордун толтуруу үчүн мамлекет бардык чараларды кабыл аларын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Абалыңыздарды билүү үчүн атайын келип жатам. Бул буга чейин болбогон эң чоң табигый кырсык. Ошондуктан баарыбыз бир мамлекет, бир эл катары иш алып барышыбыз керек. Мамлекет, өкмөт баарыңарга жардам колун сунат. Материалдык, каржылык жардам керсөтүлөт. Бул жөнүндө кам санабаңыздар. Баары жакшы болот.

Ошондой эле, мамлекет башчысы чукул штабдын жыйынын өткөрдү. Президент суу каптоодон бир нече аймактар жабыркаганын белгиледи. Азыр анын кесепеттерин жоюу боюнча чоң иштер күтүп турат. Кырсыкты биргелешип гана чечүүгө болот, - деди Касым-Жомарт Токаев. Президент өкмөткө, мамлекеттик органдарга жана облус акимдерине кыска мөөнөттө коммуналдык жана социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле, жаңы турак жайларды курууну баштоону тапшырды. Ал эми алдыдагы убакытта селдин алдын алуу иш-чараларына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Жаз мезгилинде карды тазалоо, дарыялардын кооптуу участокторундагы муздарды жаруу, суу каналдарын куруу жана башка зарыл иш-чаралар алдын ала жүргүзүлүүгө тийиш. Жайкы-күзгү мезгилде дарыялардын каналдарын өз убагында тазалоо, түбүн тереңдетүү жана жээктерин кеңейтүү, автоунаа жана темир жолдордун боюндагы колдонуудагы суу өтмөктөрдүн өткөрүү кубаттуулугун арттыруу, жаңыларын салуу зарыл. Коргоочу жана суу аккан каналдарды куруу   керек. Бул милдет республикалык штабга жана өкмөткө жүктөлөт.

Мамлекет башчысы гидротехниктерди, ирригаторлорду жана башка суу тармагындагы адистерди даярдоонун, ошондой эле, суу сактагычтарды куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттик органдардын аракеттеринин бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт. Анын айтымында, бул документте өзгөчө кырдаалды жарыялоодон тарта келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана мүлктү калыбына келтирүүгө чейин бардык компетенттүү органдардын милдеттери жана аракеттери так камтылууга тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков