Казакстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу
маселесин Премьер-министр Олжас Бектенов компаниялардын өкүлдөрү менен
жолугушууларда талкуулады. Мисалы, Polpharma Santo республикада 80ден ашык
фармацевтикалык ингредиенттерди өндүрүүнү көздөөдө. Бул көптөгөн
дары-дармектердин негизи болуп саналат. Бул тууралуу компаниянын башкы мүдүрү
жолугушууда билдирди. Долбоор Казакстандын фармацевтикалык көз карандысыздыгын
жана тармактын инвестициялык тартымдуулугун бекемдөөгө багытталган. Белгилей
кетсек, бүгүнкү күндө Polpharma Santo компаниясынын республиканын экономикасына
салган инвестициясынын жалпы көлөмү 130 миллион доллардан ашат. Alstom
Kazakhstan жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөр темир жол, унаа жасоону
өнүктүрүү жана электровоздорду чогултуучу заводдун даяр өнүмдөрү үчүн
экспорттук рынокту кеңейтүү маселелерине арналды. Бүгүнкү күндө бул жерде
өндүрүштү локализациялоо деңгээли 10%дан 35%га чейин өстү. Премьер-министр
инвестициялык компаниялар менен өз ара аракеттенүү маселелерин «Казакстандык
чет элдик инвесторлор кеңеши» ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы менен да
талкуулады. Өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инфраструктуралык
долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле, алдыдагы Чет элдик инвесторлор
кеңешинин 38-жыйынына даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

