Казакстан толук санариптик трансформацияны баштады. Мамлекет башчысы «2029-жылга чейин «Digital Qazaqstan» жалпы улуттук масштабдуу санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын толук киргизүү стратегиясын бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Документтин негизги максаты – жасалма интеллекттин тез өнүгүшү шартында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле адам капиталынын негизги элементи катары заманбап, инновациялык билим берүү системасын түзүү үчүн шарттарды түзүү. Чынында, Digital Qazaqstan стратегиясы – бул өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнүн жол картасы, ал мамлекеттик башкаруу, экономика, каржы сектору, билим берүү, саламаттыкты сактоо, чыгармачыл багыттар сыяктуу бардык тармактарга IT-технологияларды киргизүүнү карайт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

