Казакстанда мындай жүк ташуу 13%га өскөн. Адистердин айтымында, өсүшкө 2021-жылдан баштап Биримдиктин алкагында навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор таасир эткен. Сенат сыноо мезгилинде күчүнө кирген тиешелүү келишимди мыйзам түрүндө кабыл алды. Башкача айтканда, мындан ары бирдиктүү мейкиндикте ташыла турган жүк транспортуна спутниктик система көзөмөлдөгөн атайын техникалык түзүлүш орнотулат. Биринчиден, аталган өлкөлөр ортосундагы телекоммуникациялардын өз ара коопсуздугуна жана транзиттик агымдын көбөйүшүнө кам көрүү. Маселен, 2019-2020-жылдары өлкөдө жасалма импорттун 11 миңге жакын, жасалма транзиттин 20 миңден ашуун фактылары катталган. Бул жалпы союздук транзиттин 17%ын түздү. Республика казынасына 21 миллиард теңге зыян келтирилген. Жаңы система ишке кирген 2021-жылы мыйзам бузуулар дароо 26 эсеге кыскарган. Буга кошумча бюджеттин кирешеси арткан.
Ерулан Жамаубаев, каржы министри:
- 2021-жылы Евразиялык экономикалык аймактын алкагында соодадан түшкөн кошумча нарк салыгы 916 миллиард теңгеге чейин өстү. Биз бир жылда 236 миллиард теңгеге көп алдык. 2022-жылы бул каражаттардын көлөмү 1 триллион 47 миллиард теңгеге жеткен. Башкача айтканда, жыл өткөн сайын кирешелерге байланыштуу бюджетке каржынын келип түшүүсү көбөйүүдө. Ошондуктан биз бул пилоттук долбоорду мындан ары да улантабыз. Бул протокол жана макулдашуу күчүнө киргенден кийин экөөнү тең айкалыштыруу менен мониторинг жүргүзөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков