Казакстан Кытайга өз өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр

Казакстан Кытайга өз өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр

Казакстан Кытайдын Шаньдун провинциясы менен айыл чарба тармагында кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бүгүнкү күндө эки тараптуу соода жүгүртүүнүн 6%ы Кытай Эл Республикасынын ушул аймагына туура келет. Тараптар өз ара телекоммуникациялардын көлөмүн көбөйтүү максатында Астанада өтө турган форумда бир катар соода-экономикалык келишимдерди түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри менен Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь Ву макулдашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Алихан Смаилов Кытай рыногуна таза өнүмдөрү андан ары жылдыруудан тышкары, өз ара кызматташуунун жаңы багыттарын кароого кызыкдар экенин билдирди. Маселен, жакында эле “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында Алматыдан Кытайга казакстандык арпанын биринчи партиясы жөнөтүлгөн. Ушул «Кытай-Европа» багыты боюнча жергиликтүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүү пландаштырылууда. Өз кезегинде Лин Ву айыл чарба өнүмдөрүн терең кайра иштетүү, соода-логистикалык инфраструктураны куруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга болоорун айтты. Анын айтымында, бул үчүн Кытайдан 100дөн ашык компаниялардын өкүлдөрү атайын келишкен.

 

Көтөргөн: Илгиз Жамалбеков