Astana Hub менен инновациялык технологиялар паркы бириктирелет

Astana Hub менен инновациялык технологиялар паркы бириктирелет

Казакстанда Astana Hub IT-стартап эл аралык технопаркы инновациялык технологиялар паркы менен бириктирилет. Бирдиктүү инновациялык кластерди түзүү аталган тармакты мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү тууралуу мыйзамда каралган. Мажилистин депутаттары документти экинчи окууда кабыл алып, Сенаттын кароосуна жөнөтүштү. Документте кластердин катышуучуларын колдоо механизмдерин кеңейтүү каралган. Ал борборлоштурулат.  Бирдиктүү укуктук аянтча түзүлөт. Эми жардам «улуттук инновациялык системанын бирдиктүү терезеси» аркылуу көрсөтүлөт. Ошондой эле венчурдук фонддорду кошо каржылоодо натыйжалуу долбоорлорду баалоо жана сынактык тандоо жүргүзүлөт. Жалпысынан, мыйзам долбоору өлкөнүн маалыматтык технологиялар тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле компаниялардын жана стартаптардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков