Казакстандын негизги капиталына салынган инвестиция болжол менен 12,5 пайызга өстү

Казакстандын негизги капиталына салынган инвестиция болжол менен 12,5 пайызга өстү

Жыл башынан бери Казакстандын негизги капиталына салынган инвестиция 12,5%га жакын өстү. 7 айда акчалай сумма 8 триллион теңгеден бир аз ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистика бюросу жарыялады. Каражаттын басымдуу бөлүгү, 4 триллион теңгеге жакыны өнөр жайга, 1,5 триллион теңгеси кыймылсыз мүлк операцияларына, 966 жарым миллиард теңгеден ашыгы транспортко жана сактоо кампаларына тиешелүү. Мында негизги каражаттар чакан ишканаларга жумшалган. Аймактар ​​арасында эң жогорку өсүш Абай, Маңгыстау, Батыш Казакстан, Павлодар жана Кызылорда облустарында байкалды. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Атырау, Жетису, Түндүк Казакстан, Алматы жана Улытау облустарында.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков