Казакстанда автоунаа өндүрүш көлөмү артты

Казакстанда автоунаа өндүрүш көлөмү артты

Казакстанда чыгарылган унаалардын саны көбөйдү. Тогуздун айындагы өндүрүштүн темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 25 жарым пайызга өстү. Казакстандын автобизнес бирикмесинин маалыматына караганда, өткөн айда эле өлкөдө 9 жарым миңден ашуун темир тулпар жыйналган. Жалпысынан быйылкы жылдын башынан бери базарга 88 миң унаа жөнөтүлгөн. Алардын жалпы баасы 902 миллиард теңгеге бааланган. Негизинен көпчүлүгүн жеңил унаалар түзөт. Болжол менен 80 миңге жакын. Жыл башынан бери 54 миң унаа чыгарган Костанай заводу рекорддук көрсөткүчкө жеткенин белгилей кетүү керек. Ал эми Алматы ишканасы техниканын 29 миң даанасын чыгарды. Бул жаатта Семей өндүрүшү ийгиликтүү болуп, 2000ге жакын унаа сатууга чыгарган. Көкшетау заводу да артта калбай, миңге жакын жүк ташуучу унаа чыгарган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков