Казакстандын тоо-кен тармагына тартылган инвестиция өсүүдө

Казакстандын тоо-кен тармагына тартылган инвестиция өсүүдө

Казакстандын тоо-кен тармагына салынган инвестиция быйыл 20% өстү. Бул сан Астанада өткөн MINEX эл аралык форумунда айтылды. Иш-чара 15-ирет өтүп, 30 өлкөдөн келген 200 компаниянын өкүлдөрү катышты. Серепчилердин айтымында, кызыгуунун себеби, Казакстан бул тармакта чоң дараметке ээ жана пайдалуу кендердин, урандын, жездин жана сейрек кездешүүчү металлдардын чоң корлору бар. Эл  аралык ири компаниялар азыртадан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, ири долбоорлорго даярданууда. Бирок кеп ресурстарга гана байланыштуу эмес. Азыр Казакстан эл аралык тажрыйбаны активдүү бөлүшүп, санариптештирүүдөн жаңы эмгек стандарттарына чейин кабыл алууда:  

Артур Пляков, MINEX форумунун негиздөөчүсү: 

- Биздин пикирибиз боюнча, Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндө илим менен бул тармакты айкалыштырган жана өнүктүргөн алгачкы мамлекет. Бул багытта лидер болуп эсептелет. Казакстан тармакты жакшыртуу үчүн Европа Биримдигинин тажрыйбасын керекке жарата алды. Башкача айтканда, конкреттүү тармакты жаңылоо жана ага инновацияларды киргизүүгө багытталган каражаттар өндүрүүчүлөрдүн түздөн-түз катышуусу менен тендерлер, консорциялар аркылуу максаттуу бөлүштүрүлөт. 

Галиев Ерлан, «Улуттук геологиялык кызматы» АК башкармалыгынын төрагасы: 

- Биз Финляндиянын геологиялык кызматы, француз, британ жана америкалык геологиялык изилдөөлөр менен абдан тыгыз кызматташабыз. Бул эл аралык кызматташтык бизге кадрларды даярдоо жагынан, жаңы технологияларды ишке киргизүү жана дүйнө жүзүндөгү геологияны бириктирген эң маанилүү стандарттарды ишке ашыруу жагынан жардам беришет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков