Санарип платформасында өлкөнүн жер астындагы колдонуучулары үчүн кошумча кызматтар пайда болот. Система баштапкы геологиялык отчетторду алуу мүмкүнчүлүгү менен толукталмакчы. Бул тууралуу өкмөттө санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри билдирди. Багдат Мусиндин айтымында, үстүбүздөгү жылдын кулжа айында ишке киргизилген платформаны колдонуучулардын жалпы саны бир жарым миңден ашты. Бүгүнкү күндө бул электрондук аянтча аркылуу геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү боюнча 300дөн ашык арыздар берилген. Мындан тышкары, жерди пайдалануу менен байланышкан бир катар башка процесстер, мисалы, отчеттуулук жана лицензия берүү толугу менен автоматташтырылган. Ошондой эле, келечекте электрондук аукциондорду өткөрүү жана экинчи деңгээлдеги банктар менен төлөмдөрдү жүргүзүү сыяктуу маалыматтык системалар кошулат. Бул ишкерлерге жана инвесторлорго административдик тоскоолдуктардан, бюрократиялык иштерден арылууга шарт түзөт.
Багдат Мусин, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана
аэрокосмос өнөр жай министри:
-Мамлекет
башчынын тапшырмасына ылайык, «minerals.gov.kz» платформасы ушул жылдын кулжа айында санариптик
өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен ишке киргизилген. Платформа жер
казынасын иштетүүгө кызыкдар болгон инвесторлор жана бизнес үчүн тартымдуу шарттарды түзөт.
Бүгүн тутумга геологиялык
изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана түзүлгөн келишимдер менен жерлер тууралуу
маалыматтар киргизилди. Азыркы
тапта 57 000 суб-отчеттун 39 000и санариптик нускада жеткиликтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков